Экологиялык жана техникалык кѳзѳмѳл кызматынын ишмердиги

Чүй өрөөнү

✅Жаратылыш ресурстар министрлигинин Экологиялык техникалык көзөмөл кызматынын биоресурстар департаменти тарабынан Бишкек шаарынын ботаникалык багында Ички иштер министрлигинин кызматкерлери менен биргеликте канаттууларды мыйзамсыз кармоо менен алектенген жаран кармалды, андан ары кайра сатуу максатында. Октябрь РИИБине жеткирилип, 262-берененин негизинде жапайы жаныбарларды мыйзамсыз кармоо боюнча 20 000 сом өлчөмүндө протокол түзүлдү. Бардык канаттуулар жаратылышка кое берилген, болжол менен 100 даана.