Министрликтин алдындагы Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын аймактардагы ишмердиги
19-октябрь 2023, 12:06

Жаратылыш ресурстар министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы жана Жалал-Абад облустук башкармалыгы тарабынан абанын булганышын алдын алуу боюнча иш-чаралар жүргүзүлдү. Жалал-Абад шаарынын аймагында жайгашкан жылуулук менен камсыздоо мекемелерине, билим берүү мекемелерине, нефтини кайра иштетүүчү заводдорго барып, тыюу салынган заттардын өрттөлүшүнө жана абанын булганышына жол бербөө боюнча тийиштүү эскертүүлөр берилди.
Атайын рейдтердин алкагында абанын булганышын бузгандар аныкталып, жыйынтыгында 3 жаранга КР «Жол бузуулар жөнүндө» кодексинин 230-беренесинин жана 253-беренесинин негизинде жалпы 25 миң 500 сом айып салынган. Ошондой эле, Экологиялык жана техникалык көзөмөлдөө кызматынын жана Жаратылыш ресурстар министрлигинин Жалал-Абад облусу боюнча аймактык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан Аксы районунун аймагында атайын рейдтер уюштурулду. Рейдтин жүрүшүндө Падыша-Ата мамлекеттик коругунун, Аркыт токой чарбасынын, Сары-Челек коругунун аймагында коруктарды коргоо жана күтүү режимин бузуу фактылары боюнча бир нече фактылар аныкталды. Кыргыз Республикасынын «Укук бузуулар жөнүндө» кодексине ылайык, жалпы суммасы 53 миң 528 сом айып салынды.