Экологиялык техникалык көзөмөл кызматынын ишмердиги
11-март 2024, 15:27
Нарын өрөөнү

Экологиялык техникалык көзөмөл кызматынын ишмердиги
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын 2024-жылдын 1-мартынан 7-мартына чейин Ысык-Көл жана Нарын облустарынын аймагында жүргүзүлгөн рейддик иш-чаранын жүрүшүндө Соң-Көл көлүнөн мыйзамсыз балык улап жүргɵн жаран аныкталып мыйзам бузгандыгы үчүн 36 360 сом доо коюлуп 5 500 сомго укук бузуу протоколу түзүлгɵн.
Соң-Көл көлүнөн, узундугу 500 метр синтетикалык балык улоочу торлорлорунан тазаланды.