Регионалдык башкармалыктардын ишмердиги
11-октябрь 2023, 16:09

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-июнундагы «Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнү» жөнүндөгү токтомун аткаруу максатында Нарын региналдык башкармалыгы жарандык коргонуу боюнча жаратылыш парктарынын кызматкерлеринин катышуусунда иш-чара уюштурулуп өткөрүлдү. Иш-чарада кызматкерлерге кооптуу учурларда эвакуациялоо иштерин туура жүргүзүү түшүндүрүлүп, 3-октябрь саат 10:00дөн-11:00гө чейин сирена жана башка коомдук эскертүү сигналдары жаӊырды. Мындай өзгөчө кырдаал учурунда кызматкерлерге өзүн алып жүрүү тартиби практика жүзүндө көрсөтүлдү. Нарын регионалдык башкармалыгы Нарын облусундагы Жарандык коргону штабы уюштурган бардык иш чараларга активдүү катышуу менен тыгыз иш алып барат.