Егерлерге СМАРТ мониторинг системасы тапшырылды

Чүй өрөөнү
Егерлерге СМАРТ мониторинг системасы тапшырылды
Жапайы жаныбарларга мониторинг кылууда, кыдырмаларды көзөмөлдөөдө, браконьерчиликке каршы рейддерди жүргүзүүдө, егерлердин кылган иштеринин эффективдүүлүгүнө баа берүүдө СМАРТ программасын колдоонууну камсыз кылуу үчүн, Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин 02.07.2024-жылдагы №20-п буйругун аткаруу максатында  Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тарабынан сатылып алынып берилген 8 (сегиз) даана СМАРТ телефондору “Салкын-Төр” мамлекеттик жаратылыш паркынын кызматкерлерине берилди, программалык камсыздоо жагы “Илбирс” @ilbirs.foundation коомдук уюму тарабынан камсыздалды.