Экологдор "Робинзон", "Балыкчы" жана "Мергенчи" дүкөндөрүнөн синтетикалык балык кармоочу торлорунун соодасын текшеришти
23-январь 2025, 13:33

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин кызматкерлери Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын өкүлдөрү менен биргеликте "Синтетикалык балык уулоочу шаймандарга тыюу салуу жөнүндө" мыйзамдын алкагында Аңчылык жана балык уулоо товарларын "Робинзон", "Балыкчы" жана "аңчы" дүкөндөрүнө рейддик текшерүү жүргүзүштү.
Текшерүүнүн жүрүшүндө балык уулоочу синтетикалык торлорду сатууга байланыштуу мыйзам бузуулар аныкталган эмес.
Эске сала кетсек, Кыргыз Республикасынын Кодексинин 268 — беренесине ылайык тыюу салынган балык уулоо шаймандарын соодалоо үчүн: жеке жактар үчүн — 100 эсептик көрсөткүчтөн, жана юридикалык жактар үчүн-280 эсептик көрсөткүчтөн айып пул каралган.
Рейддер мыйзамдардын сакталышын камсыз кылуу жана Кыргыз Республикасынын аймагында жүгүртүүгө тыюу салынган продукцияны сатууга байланыштуу тартип бузуулардын алдын алуу үчүн туруктуу негизде жүргүзүлүп турат.
Жаратылыш министрлиги бардык сатуучуларды мыйзам талаптарын сактоого жана өлкө аймагында сатууга тыюу салынган продукцияны сатуудан алыс болууга чакырат.
Эгерде сиз синтетикалык балык уулоочу торлордун сатылышына күбө болсоңуз, анда жаратылыш ресурстары министрлигинин 108 ишеним телефонуна кабарлоону суранабыз. Сиздердин кайрылууларыңыздар бузууларга бөгөт коюуга жана биздин өлкөнүн жаратылыш ресурстарын коргоого ыкчам жардам берет.