Экологдор Бишкек шаарынын кайгуул-күзөт кызматы менен биргеликте унааны аныктап, айдоочуга булгоочу заттарды чыгаруунун жол берилген ченемдеринен ашкандыгы үчүн айып пул салышты.

Чүй өрөөнү
Экологдор Бишкек шаарынын кайгуул-күзөт кызматы менен биргеликте унааны аныктап, айдоочуга булгоочу заттарды чыгаруунун  жол берилген ченемдеринен  ашкандыгы үчүн айып пул салышты.

22-январь 2025-жылы Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөлдөө кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча аймактык башкармалыгынын кызматкерлери жана патрулдук-күзөт кызматы менен биргеликте коюу кара түтүн чыгарган унаа тууралуу социалдык тармактардагы билдирүүгө ыкчам маани беришип.

Унаанын айдоочусу тез арада такталган. Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө Кодексинин 234-беренесине ылайык ага 7500 сом өлчөмүндө айып пул салынды административдик протокол түзүлүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Мындан тышкары, унаа мүчүлүштүктөрдү оңдоо үчүн техникалык тейлөөгө жиберилди. 

Жарандарды мындай эреже бузуулар тууралуу сүрөт - жана видеоматериалдарды тиркөө менен 108 ишеним телефонуна билдирүүгө чакырабыз, бул тартип бузууларга ыкчам чара көрүүгө жана тийиштүү чараларды көрүүгө мүмкүндүк берет.