Ысык-Көл облусундагы экологиялык мыйзам бузуулар

Чүй өрөөнү
Ысык-Көл облусундагы экологиялык мыйзам  бузуулар

Чолпон-Ата шаарында атмосферага зыяндуу заттардын чыгышы боюнча мыйзам бузуулар аныкталды


2025-жылдын 6-февралында Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ысык-Көл регионалдык башкармалыгынын инспекторлоруна Чолпон-Ата шаарынын Совет көчөсүндө белгисиз бир нерсенин өрттөлүп, атмосферага коюу кара түтүн чыгып жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.


Түшкөн маалыматтын негизинде инспекторлор аталган жерге барып, текшерүү жүргүзгөндө, жолдо иштеп жаткан балдар битум ээритүү максатында автомашина дөнгөлөгүн отко жагып жиберишкендиги аныкталды.


Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 230-беренесине ылайык протокол түзүлүп, 10 000 сом айып пул салынды.


Ошондой эле, бардык жумушчуларга атмосфералык абанын булгануусуна жол бербөө боюнча катуу эскертүүлөр берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.


Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы жаратылыш ресурстарын коргоо жана экологиялык мыйзамдарды сактоо боюнча иштерди улантып, мыйзам бузууларды алдын алуу боюнча чараларды күчөтүүдө.

*****

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ысык-Көл регионалдык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан Жети-Өгүз районунун Оргочор айыл аймагында жайгашкан Светлая-Поляна айылынын жанындагы каръерге планга ылайык текшерүү иштери жүргүзүлдү.


Текшерүүнүн жүрүшүндө жер кыртышын бузуу фактысы аныкталып, мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы 1 378 978,8 сомду түзгөнү белгилүү болду. 


Бул боюнча түзүлгөн иш кагаздары тиешелүү тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн Жети-Өгүз райондук ички иштер бөлүмүнө (РИИБ) өткөрүлүп берилди.


Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы жер кыртышын бузуу жана башка экологияга зыян келтирген фактыларга каршы мыйзам чегинде чара көрүүдө. Бул сыяктуу мыйзамсыз аракеттердин алдын алуу жана жаратылышты сактоо боюнча иштер да улантылат.