Экологиялык техникалык көзөмөл кызматынын ишмердиги

Чүй өрөөнү
Экологиялык техникалык көзөмөл кызматынын ишмердиги
Бишкек
2025-жылдын 17-январь куну Бишкек шаары жана Аламудун району боюнча регионалдык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан Бишкек шаарында сатылып жаткан мыйзамсыз газ заправкалар текшерилип, эскертүү кагаздары берилди. 274-берененин незинде жалпы 3 протокол тузулуп   16 500сом өлчөмүндө  айып пул салынды.


Чуй
2025-жылдын 17- январында Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй регионалдык башкармалыгынын  инспекторлору  Чүй облусунун аймагындагы абанын экологиялык абалын жакшыртуу жана ыш менен күрөшүү боюнча иш чараларды  Чүй облусунун Москва районундагы “Нарзан” айыл өкмөтүнө караштуу “Нарзан жылуулук” муниципалдык ишканасынын көмүр менен жагылуучу отказандын жана “Гефес” ЖЧКнын көмүр кампасындагы көмүрлөрдүн сапатын жана радиациалык фонун кезектеги алдын алуу рейддик текшерүү иш чаралары экологиялык мониторинг департаментинин адистери менен биргеликте жүргүзүлдү. Кезектеги рейд КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин “Атмосфералык абаны коргоо боюнча рейддик иш чараларды уюштуруу жөнүндө” буйругунун негизинде жүргүзүштү.


Жалал-Абад
Токтогул суу сактагычында рейд жүргүзүлүп, жыйынтыгында 2500 метр синтетикалык торлор чогултулуп жокко чыгарылды. Ошондой эле 3-жаранга Укук бузуу кодексинин 267-беренесинин негизинде жалпысы болуп 16500 сом айып салынды.


Шамалды-Сай жылуулук менен камсыздоо ишканасына айып салынды 
Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Жалал-Абад регионалдык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан Шамалды-Сай жылуулук менен камсыздоо муниципалдык ишканасына пландан тышкары текшерүү жүргүзүлдү. Текшерүүнүн жүрүшүндө, Шамалды-Сай ишканасына таандык №2 көмүр менен иштөөчү откананын чан-газ тазалоочу орнотмосу (ПГУ) жок экени аныкталды. Мындан улам, откананын отказандын мооруна атмосферага булганыч заттардын (кара түтүн) көп өлчөмдө чыгышы байкалган.  Бул экологиялык талаптарга каршы келгендиги үчүн, аталган ишкана Кыргыз Республикасынын "Укук бузуулар жөнүндө" кодексинин 230-беренесине ылайык 28 000 сом айып пул салынды.


Башкармалыктын буйругунун негизинде 2025- жылдын 16 январында балык запастарын коргоо, мыйзамсыз балык уулоого бөгөт коюу максатында башкы инспекторлору  Кара-Суу дарыясынын Кара-Жыгач-Ак-Жол айыл аймактарындагы жээктеринде рейд жүргүзүлдү. Рейд учурунда мыйзамсыз балык уулоо фактылары катталган жок. Ал эми Кара-Камыш а/а караштуу Дардак-Дөбө айылындагы Кара-Суу дарыясынын жээгине, автожолдун боюна турмуш-тиричилик калдыктарын атайын белгиленбеген жайга таштап булгагандыгы үчүн аталган айылдын тургуну Т.У.Т аттуу жаранга КРнын УБЖ Кодексинин 212-беренесине ылайык 7500сом айып салынды.

Ысык-Көл
2025-жылдын 19-январында Кызыл -Суу айыл аймагынын Пристань участкасында көл жээгинен Кызыл -Суу айылынын тургундары Ак куу таап алганын билдиришкен. Аталган жерге турэкомилициянын кызматкери менен биргеликте барып, табылган ак куу уча албай жана баса албай калганын көрдүк. Табылган ак кууну "Бугу Эне" коомдук фондунун Каракол зоопаркына өткөрүп берүүгө жөнөтүлдү.