Кыргызстан COP29да: Министрдин чет элдик маалымат каражаттары үчүн маеги

Чүй өрөөнү
Кыргызстан COP29да: Министрдин чет элдик маалымат каражаттары үчүн маеги

Кыргызстан COP29да: Министрдин чет элдик маалымат каражаттары үчүн маеги


Фоторепортаж: Кыргызстандын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев Азербайжандын Баку шаарында өтүп жаткан БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын (COP29) Тараптарынын 29-Конференциясынын алкагында чет элдик маалымат каражаттарына интервью берди. 

Медер Машиев маегинде өлкөнүн экосистемаларын коргоо жана климаттын өзгөрүүсүнө ыңгайлашуу боюнча уникалдуу демилгелерин жана милдеттенмелерин чагылдырган Кыргыз Республикасынын павильонунун ишинин негизги аспектилери менен бөлүштү.


Министр Кыргызстан жарыялаган климат боюнча улуттук милдеттенмелерди аткаруу үчүн зарыл болгон эл аралык кызматташтыктын жана климатты каржылоонун маанилүүлүгүн белгиледи. Өлкө аз көмүртектүү экономикага өтүү жана климаттын өзгөрүшүнө туруктуулукту күчөтүү боюнча өз сунуштарын активдүү сунуштап жатат. Бай жаратылыш мурасы жана морт экосистемасы бар Кыргызстан 11 миллиард долларга бааланган адаптация жана эмиссияларды кыскартуу программаларын каржылоого эл аралык колдоону тартууну максат кылууда.


COP29дагы Кыргызстандын павильону коноктордун, анын ичинде чет элдик журналисттердин көңүлүн өзүнө бурду, багытталган демилгелери биологиялык ар түрдүүлүктү коргоо, тоо экосистемаларын сактоо, суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жана жашыл экономиканы өнүктүрүүгө багытталган.