“Алатай” мамлекеттик жаратылыш паркы – өлкөбүздөгү эң жаш жана маанилүү коруктардын бири
08-январь 2025, 14:31

“Алатай” мамлекеттик жаратылыш паркы – өлкөбүздөгү эң жаш жана маанилүү коруктардын бири. Ал 2016-жылдын 26-январында өкмөттүн токтому менен Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда негизделген. Бул парк уникалдуу жаратылышты жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоого багытталган.
Жаңы жылдык дем алыш күндөрү Алатай өрөөнүндө үзгүлтүксүз рейдттер жүргүзүлүп, фотокапкандар орнотулду. Бул аракеттердин аркасында ушул күнгө чейин мыйзам бузуулар катталган эмес. Паркта кызыл китепке кирген ак илбирс, күрөң аюу, суусар сыяктуу жаныбарлар жана эндемикалык алмалар сыяктуу сейрек кездешүүчү өсүмдүктөр жашап келет. Жалпысынан бул аймакта өсүмдүктөрдүн 450дөн ашуун түрү кездешет.
Коруктун негизги максаты – кайталангыс жаратылыш комплекстерин жана биологиялык түрдүүлүктү сактоо. Азыркы антропогендик таасирлер жаратылышка чоң зыян келтирип жаткандыктан, коруктардын ролу өзгөчө мааниге ээ.
“Алатай” мамлекеттик жаратылыш паркы – бул жаратылыштын баа жеткис байлыгын келечек муундарга өткөрүп берүү максатындагы эң маанилүү кадамдардын бири.