Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору жана жол кыймылын көзөмөлдөө (МАИ) кызматы менен биргеликте рейд өткөрүлдү

Чүй өрөөнү
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору жана жол кыймылын көзөмөлдөө (МАИ) кызматы менен биргеликте рейд өткөрүлдү

2023-жылдын 11-декабрынан 16-декабрына чейин Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору жана жол кыймылын көзөмөлдөө (МАИ) кызматы менен биргеликте рейд өткөрүлдү. Рейдтик иш-чаранын жүрүшүндө Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын «Абанын экологиялык абалын жакшыртуу жана түтүнгө каршы күрөшүү» буйругунун негизинде жүргүзүлдү.

Рейддин жүрүшүндө кичи автобустар, оор жүк ташуучу унаалар жана жеңил унаалар түтүндүн тыгыздыгын өлчөөчү аспап менен текшерилип. Анын жүрүшүндө 11 мыйзам бузуу аныкталып, 82 500 сомго айып салынды.

Кызмат айдоочуларды абадан чыккан газдардын курамында ашыкча зыяндуу заттары бар транспорт каражаттарын оңдоп айдоого чакырат. Аталган мыйзамсыз көрүнүштөр катталган учурда  Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар” жөнундө Кодексинин 234-беренесине ылайык транспорт каражаттары тарабынан атмосферага булгоочу заттарды чыгаруунун ченеминен ашкан учурда жеке жактарга 7500 сом, юридикалык жактарга 23000 сом айып салынаарын эскертет.