Ош регионалдык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан ыкчам рейд өткөрүлдү

Ош өрөөнү
Ош регионалдык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан ыкчам рейд өткөрүлдү

2025-жылдын 26-январында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ош регионалдык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан Кара-Суу районунун Тар-Жылга, Шут жана Кашка-Суу участкаларында ыкчам рейд өткөрүлдү.

Рейдге Ош регионалдык башкармалыгынын инспекторлору жана Набу уюмунун Барс 2 тобунун кызматкерлери катышты. Рейддин жүрүшүндө аң-уулоо эрежелерин бузган жана тийиштүү уруксат кагаздары жок болгон 3 жаран аныкталды.

Тийиштүү мыйзамдардын негизинде, аталган жарандарга КРнын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 263-беренесине ылайык 37500 сом суммасында административдик айып салынды. Ошондой эле, мыйзам бузууну алдын алуу жана аң-уулоо эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы тарабынан жүргүзүлгөн мындай рейддер өлкөнүн жаратылыш ресурстарын жана экологиясын коргоо максатында үзгүлтүксүз жүргүзүлүп, мыйзамсыз аң-уулоону жана жаратылышты бузуу аракеттерин алдын алуу үчүн күчөтүлө берет.

Жаратылышты коргоо жана мыйзамдуулукту сактоо боюнча дагы маалыматтар алуу үчүн, жарандарды Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматына кайрылууга чакырабыз.