Жалал-Абад регионалдык башкармалыгын инспекторлору мыйзамсыз канаттууларды кармаган жаранды кармады
24-декабрь 2024, 09:15

2024-жылдын 23-декабрында Жалал-Абад облусунун Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору тарабынан Сузак районунун Чоко Добо айылынын тургуну А.М. аттуу жаран мыйзамсыз канаттууларды кармап сатуу боюнча кармалды.
Рейд учурунда, жарандан мыйзамсыз түрдө кармалган канаттуулар табылып, алар экологиялык кызмат тарабынан жаратылышка кое берилди. А.М. жаранга Укук бузуулар кодексинин 261 беренесинин 1 пунктуна ылайык 10 000 сом айып салынды.
Бул иш-чара экологиялык туруктуулукту камсыздоо жана жаратылыш ресурстарын мыйзамсыз пайдаланууга каршы күрөшүүнүн алкагында өткөрүлдү. Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы жаратылышты коргоо боюнча мыйзамдарды бузган жарандарга каршы мыйзам чегинде чараларды көрүүнү улантууда.
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы жарандарды мыйзамдарга жана экологиялык нормаларга дурус мамиле кылууга чакырат.