Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри М.А. Машиевдин тапшырмасынын негизинде, Бишкек шаарында жана Чүй облусунда атмосфералык абанын булгануу көйгөйлөрү боюнча жыйын өткөрүлдү

Чүй өрөөнү
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри М.А. Машиевдин тапшырмасынын негизинде, Бишкек шаарында жана Чүй облусунда атмосфералык абанын булгануу көйгөйлөрү боюнча жыйын өткөрүлдү

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри М.А. Машиевдин тапшырмасынын негизинде, Бишкек шаарында жана Чүй облусунда атмосфералык абанын булгануу көйгөйлөрү боюнча жыйын өткөрүлдү. 

Министрликте Атмосфералык абаны коргоо бөлүмүнүн төрагалыгы астында Бишкек шаарында жана Чүй облусунда абанын булгануу көйгөйлөрү боюнча Ведомстволор аралык комиссиянын он бешинчи отурумун өткөрүү алдындагы жумушчу топтун атайын жыйыны болуп өттү. Жыйынга министрликтердин жана ведомстволордун тиешелүү тармактар боюнча адистери катышты.

Жыйында, Бишкек шаарындагы абанын сапатын өлчөгөн ченегичтердин орнотулушу, алардын мыйзамдуулугу жана коомчулукка маалымат берүү маселелери талкууланды. 

Ошондой эле, тармактык адистер мурда берилген тапшырмалардын аткарылышы боюнча маалымат беришип, атмосфералык абанын сапатын жакшыртууга багытталган жаңы тапшырмалар берилди

Жыйындын соңунда жумушчу топ тарабынан иштелип чыккан сунуштарды, Бишкек шаарында жана Чүй облусунда абанын булгануу көйгөйлөрү боюнча Ведомстволор аралык комиссиянын он бешинчи отурумуна алып чыгуу чечилди.