📌 Кыргызстан менен Кытай таза энергетика жаатында кызматташтыкты күчөтөт
05-февраль 2025, 17:21
Чүй өрөөнү

2025-жылдын 5-февралында Кыргыз Республиканын Президенти Садыр Жапаровдун Кытайга болгон иш сапарынын алкагында Кыргызстандын Жаратылыш ресурстары министрлиги менен Кытайдын коммерция министрлигинин ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюлду.
Меморандум Кыргызстанды 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасын жана Кытайдын өнүктүрүүнүн 14-чү жылдык планын ишке ашырууга багытталган.
Негизги максат-таза энергетикалык технологиялар үчүн минералдарды иштеп чыгууда инвестициялык кызматташтыкты күчөтүү жана бул чөйрөдө жаңы өсүү багыттарын ачуу.