Кыргызстан биринчи эки жылдык ачыктык боюнча отчетун даярдоого киришти: улуттук климаттык саясатты чыңдоого карай кадамдар

Чүй өрөөнү
Кыргызстан биринчи эки жылдык ачыктык боюнча отчетун даярдоого киришти: улуттук климаттык саясатты чыңдоого карай кадамдар

2025-жылдын 27-февралында  Жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги БУУнун Өнүктүрүү программасы (ПРООН) менен өнөктөштүктө, Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын Өзгөрүшү боюнча Алкактык Конвенциясы (РКИК) жана Париж макулдашуусунун алкагында биринчи Эки жылдык ачыктык боюнча отчетту (ЭАO1) даярдоого расмий түрдө киришиши  боюнча иш-чара өттү. 

Эки жылдык ачыктык боюнча отчет Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жана ПРООН тарабынан даярдалып, БУУнун Айлана-чөйрө программасы (ЮНЕП) менен координацияланат жана Глобалдык экологиялык фонд (ГЭФ) тарабынан каржыланат. 

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Асель Раимкулова өкмөттүн бул процесске берилгендигин баса белгилеп:

«Кыргызстан климаттык ачыктык жана жоопкерчилик боюнча чечкиндүү кадамдарды жасап жатат. ЭАO1 бизге экономикабызга жана климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүгө пайдалуу болгон саясаттарды иштеп чыгууга жардам берет», – деп билдирди.

Бул отчет Кыргызстандагы парниктик газдардын чыгышын азайтуу, климаттык иш-аракеттерди ишке ашыруу жана Улуттук деңгээлде аныкталган салымдарга (ОНУС) жетишүү боюнча прогрессти баалоонун негизги куралы болуп калат. Ал улуттук климаттык саясатты эл аралык стандарттарга шайкеш келтирип, маалыматтардын сапатын жакшыртууга жана экологиялык саясаттын ачыктыгын камсыз кылууга көмөктөшөт.

Ал эми,  БУУнун Өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Александра Соловьева климаттык иш-аракеттердин маанилүүлүгүн баса белгилеп:

«Кыргызстандын ЭАO1 даярдоосу – жөн гана отчеттук милдеттенме эмес, бул климаттык саясатты чыңдоо, инвестицияларды тартуу жана климаттык өзгөрүүлөргө туруктуулукту жогорулатуу үчүн стратегиялык мүмкүнчүлүк», – деп билдирди.

Бул долбоордун ишке кириши мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн, эл аралык эксперттерди жана адистерди бириктирип, ЭАO1дин климаттык максаттарга жетүүдөгү маанилүүлүгүн талкуулоого өбөлгө түздү. Кыргыз Республикасы эл аралык тажрыйбага жана алдыңкы практикаларга таянуу менен климаттык маалыматтарды көзөмөлдөө, отчеттуулук жана верификация системасын натыйжалуу түзүүгө умтулат.


Климаттык ачыктыкты өнүктүрүү – эл аралык каржылоону тартуунун маанилүү элементи болуп саналат, ошондой эле өлкөгө көмүртек рыногунда жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Так жана ачык маалыматтар өлкөнүн саясатына болгон ишенимди бекемдеп, узак мөөнөттүү климаттык стратегияларды ишке ашырууга жагымдуу шарттарды түзөт.


Бул маанилүү кадам Кыргыз Республикасынын глобалдык климаттык күн тартибине берилгендигин дагы бир жолу ырастап, өлкөнүн эл аралык климаттык демилгелерге активдүү катышууга даяр экенин көрсөтөт.