КЫРСЫКТАРДЫН ТОБОКЕЛДИГИН АЗАЙТУУ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
03-октябрь 2023, 16:54
Талас өрөөнү

2023-жылдын 25-сентябрь күнү Талас шаарынын борбордук аянтында “Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө” карата жарыяланган бир айлыктын алкагында атайын иш чара болуп өттү.
Ага өзгөчө кырдаал коркунучу келип чыккан шартта айлана-чөйрөнү коргоо, химиялык, биологиялык жана радиациялык коопсуздук чөйрөсүн жөнгө салуу максатында Талас облустук радиациялык-химиялык коргоо кызматынын өздүк курамы өзүнүн кызматтык техникалары менен катышты. Анда жарандык коргонуу кызматтары менен биргеликте өрт, жол кырсыгы учурунда жарандарды куткаруу боюнча практикалык көргөзмөлүү иш чаралар уюштурулду.