“Кырсыктын тобокелин азайтабыз” флешмобу болуп ɵттү
03-октябрь 2023, 14:32

Жаратылыш ресурстары министрлигинде 3-октябрда Кыргыз Республикасында кырсыктардын тобокелин азайтуу күнүнө" өзгөчө кырдаалдар пайда болгон учурларда жарандарды жана кызматкерлерди имараттардан эвакуациялоону уюштуруубоюнча "флешмоб" өткөрдү. Бардык кызматкелер ызы-чууга алдырбай ыкчам түрдɵ имараттан чыгып, ɵзгɵчɵ кырдаал жаралган учурдагы ɵздɵрүн алып жүрүү тартиби менен таанышышты.
Флешмоб атайын мерчемдин негизинде өрт тактикалык машыгуулар жана иш-чаралардын алкагында министирликке караштуу облусттук башкармалыктарда да уюуштурулууда. Аталган иш-чара Кыргыз Республикасынын "Кырсыктардын коркунучун азайтуу күнү" деп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен 2017 - жылдын 13-июнунда 225-тескемеси бекитилген.