Жарытылыш ресурстары министрлигинин материалдык техникалык базасы чыңдалууда

Чүй өрөөнү
Жарытылыш ресурстары министрлигинин материалдык техникалык базасы чыңдалууда

Бүгүн 2025 жылдын 30 январында министр М. Машиев  Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын жаңы  техника-каражаттары  менен таанышты. “Алынган техникалар кызматтын ишин жакшыртууга жана экологиялык жагдайды көзөмөлдөөдө таасирдүү роль аткарууга багытталып бул иштер мындан ары да улантылаарын М. Машиев баса белгиледи.

Жалпы кызматтын кызматкерлери менен жолугушуп, алынып барылып жаткан иштер боюнча, түзүлгөн шарттар менен жеринен таанышты. 

Мекенибиздин жаратылышын коргоодо жана көзөмөлдөөдө ар бир кызматкер маанилүү,  аларга тиешелүү шарттар түзүлүп берилиши керектигин министр М.Машиев айта кетти. 

Аткарылып жаткан иштер экологиялык көзөмөлдү көбүрөөк жана сапаттуу алып баруунун маанилүүлүгүн, министрликтин жана кызматтын ишинин эффективдүүлүгүн жогорулатуу максатын көздөйт.