Атмосфералык абаны коргоо боюнча чаралар
07-февраль 2025, 16:28

Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй регионалдык башкармалыгынын инспекторлору Чүй облусунун Ысык-Ата районунда жайгашкан “Аталык тобу” ЖАК филиалы шампанвинкомбинатын пландуу текшерүүнүн жүрүшүндө атмосферага булгоочу заттарды чыгаруучу жүзөгө ашыруу тартибин бузуу боюнча жана кооптуу өндүрүш объекттерин иштетүү эрежелерин белгилеген өнөр жай коопсуздугу жаатындагы ченемдик укуктук актылардын талаптарын бузуу боюнча фактылары аныкталып, инспекторлор тарабынан укук бузуу боюнча протоколдор түзүлдү.
Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин №230 жана 274-беренелерине ылайык жалпы суммасы 45000 сом айып пул салынды жана аныкталган укук бузууларды четтетүү боюнча көрсөтмө берилди.