«Абанын сапатын башкаруу боюнча эл аралык тажрыйба жана мыкты практикалар»

Чүй өрөөнү
«Абанын сапатын башкаруу боюнча эл аралык тажрыйба жана мыкты практикалар»

Күндүн экинчи жарымы «Эл аралык тажрыйба жана абанын сапатын башкаруунун мыкты практикалары» аттуу сессия менен башталды. Анда Немис-Монгол ресурстар жана технология институтунун доценти Гантуя Ганбат «Монголияда абанын сапатын башкаруу» темасында онлайн форматта баяндама жасады.

Монголияда чийки көмүрдү колдонууга белгилүү бир чектөөлөр киргизилген. Жеке сектордо чийки көмүрдү колдонууга толугу менен тыюу салынган. Айрым мекемелерде гана фильтрлер орнотулган болсо, көмүрдү жарым-жартылай колдонууга уруксат берилет. Ошондой эле, транспортко байланыштуу чектөөлөр да бар: жуп күндөрү номери 0-5 менен аяктаган унаалар күндүз жүрө албайт. Баяндамада бул маселелер боюнча калкты маалымдоо маанилүүлүгү белгиленди.

Сербиянын борбору Белград шаарындагы абанын сапатын башкаруу боюнча Сербиянын Курчап турган чөйрөнү коргоо министрлигинин Абанын сапаты жана эмиссиялар департаментинин башчысы Душица Радойчич (онлайн) баяндама жасады. Ал 2009-жылы “Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө” мыйзам кабыл алынганын жана акыркы 16 жыл ичинде ушул мыйзамга ылайык жалпы саясат жүргүзүлүп жатканын айтты. Абанын сапаты боюнча маалыматтар кол менен да, автоматташтырылган түрдө да чогултулат. Сербияда атмосфералык абаны көзөмөлдөө департаменти иштейт, ошондой эле 2022-2030-жылдарга карата абаны коргоо программасы ишке ашырылууда.

Кытайдын Пекин шаарындагы абанын сапаты боюнча Кытайдын Энергетикалык фондуна караштуу айлана-чөйрөнү башкаруу программасынын менеджери Син Лю (онлайн) маалымат берди. Ал Кытай да бул маселени дароо эффективдүү чече алган эместигин белгиледи. Пекин шаарындагы заводдор менен жылытуу үчүн колдонулган көмүр казандарын газга өткөрүү жолу менен көмүр колдонуу 30 эсеге азайтылган. Син Лю көмүрдү колдонууга тыюу салуу бул маселени чечүүдө жакшы жыйынтык бере турганын баса белгиледи.

Таза энергия булактарын модернизациялоо, газификацияга олуттуу субсидия берүү бул көйгөйдү чечүүгө чоң салым кошкон. Ошондой эле, эски унааларды жаңыларына алмаштыруу иштери жүргүзүлгөн, ири заводдор менен фабрикалар шаар четине чыгарылган.