Ведомстволор аралык комиссия Бишкек жана Чүй облусунун жаңы конуштарына жаңы чараларды талкуулады
10-январь 2025, 12:07

Министр М.Машиев баштаган , жана мэриянын, министрликтердин жана "Газпром Кыргызстан" ЖЧКнын өкүлдөрү катышкан ведомстволор аралык комиссия Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы жаңы конуштарды газдаштыруу маселелерин талкуулашты. "Газпром Кыргызстан" ЖЧК директорунун орун басары А.Алдаяров учурдагы кырдаал жөнүндө отчет берди: Бүгүнкү күндө 47 конуш газдаштырылды жана газ менен жылытууга өтүүгө суроо-талап өсүүдө. Комиссия газга кошулууга кызыкдар жарандар үчүн жеңилдетилген насыялоону жөнөкөйлөтүү механизмдерин иштеп чыгууга өзгөчө көңүл бурду.
Кабыл алынган чаралар экологиялык абалды жакшыртууга жана региондун жашоочулары үчүн газдаштыруунун жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө болууга тийиш.