Кыргыз Республикасынын Жараталыш ресурстары, экология жана техникалкы көзөмөл министрлиги, өлкө боюнча жаңы жылдык салюттарды аттырууга, пиротехникалык каражаттарды колдонбоого чакырат.

Чүй өрөөнү

Белгилүү болгондой, жаңы жылдык иш чараларда салюттардын коштоосунда өткөрүлөт. 

Натыйжада атмосфералык абага зыяндуу (булгоочу) заттар ири көлөмдө чыгып, пиротехниканын күйүү процессинде зыяндуу заттар атмосфералык абанын сапатын бузулушуна алып келет. 

Мындан тышкары, колдонулган салюттар, таңгактар чоң көлөмдөгү катуу тиричилик калдыктарды жаратат. 

Жаңы жылдык салюттарды уюштурууга жана өткөрүүгө олуттуу суммадагы акча каражаттары сарпталат.

Салюттарды аттырбоо менен сарпталган каражаттар жергиликтүү инфраструктураны колдоого, билим берүүгө, саламаттыкты сактоо, транспорт же башка социалдык-экономикалык программаларга, коомду жана мамлекетти туруктуу өнүктүрүүгө жумшоого мүмкүндүк берет. 

Майрамдык иш-чараларды салют аттырбай эле, экологиялык жактан таза жолдорду, айлана-чөйрө үчүн терс таасирин тийгизбеген технологиялар, диоддук жарык, музыкалык жана жарык орнотуулар, галаграммаларды колдонуу менен майрамдык атмосфераны түзүп өткөрүү мүмкүн экенин Министрлик сунуштайт.