Министрлик браконьерликке каршы чараларды күчөтүүдө
09-ноябрь 2024, 11:05
Чүй өрөөнү

Министрдин буйругуна ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагында мыйзамсыз аңчылыкка каршы жана аны аныктоо боюнча оперативдүү рейддер өткөрүлүүдө. 7-8-ноябрь күндөрү Токтогул суу сактагычынан 20,000 метр синтетикалык балык уулоо торлору жыйналып, айлана-чөйрөнү булгоонун алдын алуу максатында экологиялык жол менен жок кылынды. Рейддик иш-чараларга Биоресурстар башкармалыгынын, Жалал-Абад регионалдык башкармалыгынын кызматкерлери, «Алатай» мамлекеттик жаратылыш паркы жана «Fauna&Flora International» бейөкмөт уюму катышты. Рейддер Кыргыз Республикасынын аймагында 11-ноябрга чейин уланат.