Министр М.Машиев: “Биз зыяндуу заттардын көлөмүн азайтууга жана айлана-чөйрөгө болгон жүктү азайтууга жардам бере турган автокатализатор жана энергияны үнөмдөөчү мештер сыяктуу заманбап технологияларды киргизүүгө басым жасайбыз”

Чүй өрөөнү
Министр М.Машиев: “Биз зыяндуу заттардын көлөмүн азайтууга жана айлана-чөйрөгө болгон жүктү азайтууга жардам бере турган автокатализатор жана энергияны үнөмдөөчү мештер сыяктуу заманбап технологияларды киргизүүгө басым жасайбыз”

Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун абанын булганышы боюнча ведомстволор аралык комиссиянын отурумунун алкагында Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Бишкек шаарынын мэриясы менен биргеликте инновациялык технологияларды, аймактагы абанын сапатын жакшыртууга багытталган. Көрсөтүлгөн чечимдерге автокатализаторлор, энергияны үнөмдөөчү мештер жана заманбап көмүр казандары кирет.


Жыйында сунушталган автокатализаторлор автоунаалардан чыккан зыяндуу газдардын көлөмүн бир топ кыскарта алат, бул борбордогу экологиялык абалды жакшыртуу үчүн өзгөчө маанилүү. Ошондой эле экологиялык жактан таза жылуулук менен камсыз кылуучу, көмүртектин бөлүнүп чыгуусун азайтуучу энергияны үнөмдөөчү мештер көрсөтүлдү.


Жыйында сунушталган автокатализаторлор автоунаалардан чыккан зыяндуу газдардын көлөмүн бир топ кыскарта алат, бул борбордогу экологиялык абалды жакшыртуу үчүн өзгөчө маанилүү. Ошондой эле экологиялык жактан таза жылуулук менен камсыз кылуучу, көмүртектин бөлүнүп чыгуусун азайтуучу энергияны үнөмдөөчү мештер көрсөтүлдү


«Экология жана абанын сапаты жарандарыбыздын ден соолугуна жана өлкөнүн келечегине түздөн-түз таасир этет. Автокатализаторлор жана энергияны үнөмдөөчү мештер сыяктуу азыркы иштеп чыгуулар экологиялык жактан таза Кыргызстанга карай кадам болуп саналат», - деп баса белгиледи министр Медер Машиев.


Иш-чарага Кытайдан эксперттер, анын ичинде Циндао университетинин жана Кытайдын имараттардагы энергияны үнөмдөө ассоциациясынын өкүлдөрү катышып, экологиялык маселелерди чечүүдө эл аралык кызматташуунун маанилүүлүгүн баса белгилешти.


Ведомстволор аралык комиссиянын иши Кыргызстандын бардык аймактарында экологиялык таза технологияларды киргизүүнү камсыз кылуу жана бүткүл республика боюнча абанын булганышын азайтуу боюнча улантылат.