Министр М. Машиев циклон чыпкасын киргизүү келечегин талкуулады
11-февраль 2025, 13:52
11-февралда Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев инновациялык циклон чыпкасын иштеп чыгуучу Амантур Салымбаев менен жолугушту.
Амантур Салымбаев өткөн жылы башталган иштери тууралуу айтып берди, жана патенттик документтер тууралуу маалымат берди. Фильтрдин өзгөчөлүгү анын автономдуулугунда: иштөө үчүн электр же суу талап кылынбайт. Чыпка көмүр кычкыл газы (СО2) жана бөлүкчөлөр (PM2) сыяктуу негизги булгоочу заттарды натыйжалуу тазалайт. Аппарат негизинен жеке үйлөр үчүн иштелип чыккан.
Жолугушуунун жүрүшүндө фильтрди эксплуатациялоого байланыштуу техникалык маселелер жана аны өлкөнүн экологиялык демилгелеринин алкагында кеңири колдонуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды
Иштеп чыгуучуга демилге үчүн ыраазычылык билдирип, мамлекет атамекендик өндүрүүчүлөрдү, ойлоп табуучуларды колдой турганын белгиледи жана Амантур Салымбаевди комиссиянын мүчөлөрүнө чыпка тууралуу тааныштырууга (көргөзүүгө) чакырды.
Ведомствонун профилдик бөлүмүнө мындан ары биргелешип иштөө үчүн башка илимий адистер менен жолугушууну уюштуруу тапшырмасын берди.