Министр М. Машиев Боз-болток тоосундагы заводдордун иштери менен жеринде таанышты

Чүй өрөөнү
Министр М. Машиев Боз-болток тоосундагы заводдордун иштери менен жеринде таанышты
Жаратылыш ресустар министрлигинде министр М. Машиевдин  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты Ч.Айдарбековдун кайрылуусу жана Боз-Болток тоосунун айланасындагы айылдардын жашоочуларынан арыз-даттанууларынын негизинде- төмөнд өгү ЖЧК Жал кирпич заводу, ЖЧК ОКЗ (Орок кирпич заводу), ЖЧК Байтик курулуш, ЖЧК Илина групп заводторунун ишмердиги менен жеринен таанышып, жашоочулар менен жолугушту.

Көчмө жыйынга Министрликтин тиешелүү түзүмдүн бөлүмдөрүнүн кызматкерлери жана Боз-Болток тоосунун аймагындагы кыш заводдордун жетечилери катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө кыш заводдордун атмосфералык абага зыяндуу заттарды бөлүп чыгаруусун минималдаштыруу, чан-газ тазалоочу орнотмолордун иштөөсү жана башка маселелер талкууланды. Жашоочуларды жана заводдордун  өкүлдөрү менен пикир алышып, Жаратылыш ресурстары министрлиги өзүнүн компетенциясына жараша бардык иштер аткарыларын айтып, Экологиялык монторинг департментине, Экологиялык техникалык көзөмөл кызмаына бардык тиешелүү иштерди жасоону тапшырды.


Иш учурунда тиешелүү кызматтар заводдордо колдонулуп  жаткан көмүрдүн сапатын жана абанын сапатын ар кыл убакыт аралыгында алынаары белгилүү болду. Өндүрүш мекемелери өлкөнүн  экономикасына салым кошуп жатып, экологиялык  коопсуздукту сактап, социалдык жоопкерчиликтүү боюнча  ишерди алып барып, жергиликтүү калк менен тыгыз байланышта бол маанилүү экенин баса белгиледи.


Барган заводтордун чан-газ тазалоочу орнотмолору  ар кандай абалда экени аныкталды. Чан-газ тазалоочу орнотмолору иштеп жаткан, орнотулуп жаткан жана орнотула турчулары бар экени аныкталып, чаң-газ орнотмолордун иштеш процесстерин Министрликтин тиешелүү кызматы   көзөмөлгө алынарын министр М.Машиев белгиледи