Министр М. Машиев жарандарды кабыл алды

Чүй өрөөнү
Министр М. Машиев жарандарды кабыл алды

2024 жылдын 26 сентябрында жарандардын кайрылуулары менен ишти активдештирүүдө министрликтин коомдук кабылдама жайында жарандарды кабыл алды. 

Ы. Маленов аттуу жаран, жалпы экологиялык абалды жакшыртуу жана экологиялык долбоорлорду ишке ашуруудагы сунуштары менен келген жаранды кабыл алып, тиешелүү башкармалыктар менен бөлүмдөргө ишке ашыруу боюнча тапшырмаларды берди.

Министрликтин Коомдук кабылдамасында  жуманын ар бейшембисинде саат 15:00 дон 16:00го чейин министр жарандардын кайрылууларын кабал алат. Министрдин орун басарлары дагы, бекитилген тартипте жарандардын кайрылууларын карап, тиешелүү көмөктөр көрсөтүлөт. 

Жарандардын кайрылуулары боюнча министрликт активдүү иш алып барат. 

Жалпы каттооодон ѳткѳн кайрылуулардын саны 2023 жылга 378, 2024 жылдын 8 айында 212.  Министр, тарабынан кабыл алынган жарандардын саны 2023 жылы 197, 2024 жылы 8 айында 69