Министр М. Машиев: "Региондордун иши Министрликтин ишмердүүлүгүндө кыймылдаткыч күч болушу керек”
13-февраль 2025, 18:09

Медер Машиев орун басарлары А.Раимкулованын, М. Аманкуловдун катышуусу менен министрликтин, Экологиялык жана техникалык көзөмөлдөө кызматынын аймактык башкармалыктары, ошондой эле өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын директорлору менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун башкы темасы аймактардагы иштин натыйжалуулугун жогорулатуу болду. Министр жер-жерлерде, өзгөчө жаз мезгилинин алдында активдүү өз ара аракеттенүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.
"Региондордун иши Министрликтин ишмердүүлүгүндө локомотив болушу керек. Биз жер — жерлерде көзөмөлдү күчөтүп, милдеттерди аткарууну активдештирүүбүз керек", - деп белгиледи М.Машиев.
Министр Ысык-Көл облусуна өзгөчө көңүл буруп, Президенттин жарлыктарын ыкчам аткаруу зарылдыгын белгиледи. "Ысык — Көл облусу өзгөчө мамилени талап кылат, анткени ал жерде президенттин бир нече тапшырмасы бар, аларды биз өз мөөнөтүндө аткарууга милдеттүүбүз", - деп баса белгиледи Министр.
Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар министрликтин аймактардагы ишин жакшыртуу жана активдештирүү боюнча өз сунуштарын айтышты