Министр М. Тургунбаев “Жаш эколог” уюмундагы окуучулар менен жолугушту
21-декабрь 2023, 17:45

21 декабрда 2023 жылы, министр М. Тургунбаев Чуй облусунун Сокулук районунун №3 К.Шопоков атындагы орто мектебинин 2Г классынын окууучулары менен жолугушту. Ал мектепте “Жаш эколог” уюмун А. Бочаева тарабынан уюштурулган. Уюмдун негизги максаты - экологиялык сабаттуулукту мектеп окуучулары арасында жайылтуу жана жаратылышка болгон аяр мамилени келечек муунда тарбиялоо экенин жетекчиси баса белгиледи.
Министр бɵбɵктɵр менен баарлашып, кандай иштерди аткарып жаткандыктарын угуп, ɵз сɵзүндɵ, мындай зээндү, дилгир балдар бар Мекенибиздин келечеги кең экенин айта кетти. Балдар таштандыларды кайра иштетип, инновациялык технологиялар жана экологиялык сабаттуулукту жайылтууда досторуна, жана айлана-чɵйрɵгɵ аяр мамиле кылууну активдүү колго алынганы боюнча маалымат беришти.
М. Тургунбаев ар дайым бардык жактан жаш жеткинчектерди колдоорун жана мындан ары тыгыз кызматташууга токтолду. Талыкпаган эмгек, билим менен гана адам коомго, пайда алып келээрин айтып, иштерине ийгилик каалады.
Аталган уюм областтык конкурстарга катышып, ишмердигин республикалык деңгээлде чыгарууну максат коюп жаткандыктарын жана келечектеги пландары менен бɵлүшүштү.