Министр байланышта: Жаратылыш ресурстар министрлигинин коомдук кабылдамасында жарандарды кабыл алууда
31-октябрь 2024, 17:54
Чүй өрөөнү

Министр М.Машиев коомдук кабылдамада кабыл алуу өткөрүп, анда ар бейшемби күнү саат 15:00дөн 16:00гө чейин жарандар ар кандай суроолорду бере алышат.
Бүгүн, 31-октябрда министр тоо-кен тармагына инвесторлорду тартуу жана эл аралык кызматташуу боюнча ой бөлүшүп, кендерди иштетүүдө экологияны сактоого басым жасаган жаран Г.Абдисаламовдун сунуштарын укту.
М.Машиев бул сунуштарды карап чыгып, тиешелүү сунуштарды даярдоону тапшырды.
Маалымат үчүн:
2023-жылы 378 кайрылуу катталып, жарандар менен министрдин 197 жеке жолугушуусу болгон.