Министр КМТУнун илимий кызматкерлери менен атмосфералык абаны жакшыртууну талкуулады

Чүй өрөөнү
Министр КМТУнун илимий кызматкерлери менен атмосфералык абаны жакшыртууну талкуулады

Жаратылыш ресурстары министри Медер Машиев И.Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетинин илимий чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү менен жолугушуп, атмосфералык абанын булганыш маселесин чечүүгө окумуштуулардын катышуусун талкуулады. 

Жолугушууда университеттин кызматкерлери бир катар илимий сунуштарын беришти. Тактап айтканда, алар автотранспорттун жана күйүүчү майдын абанын сапатына тийгизген таасирин терең изилдөө зарылдыгын баса белгилешти. Ошондой эле университеттин студенттери маалыматтарды чогултуу жана талдоо үчүн биргелешкен рейддерди уюштуруу сунушталды. Азыр колдонулган күйүүчү майдын физикалык курамы гана изилденди, бирок анын химиялык курамын анализдөө үчүн алдыңкы жабдуулары бар заманбап лабораториялар талап кылынат. 

Илимий кызматкерлер жыл сайын белгиленген ченемдерге ылайык автотранспортту техникалык кароодон өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти. 

Министр абанын булганышы маселесин чечүүдө илимдин маанилүү ролун баса белгилеп, мекемелер аралык комиссиянын деңгээлинде илимий изилдөөлөрдү каржылоо маселеси караларын билдирди. Ал белгилегендей, илимий ыкма аркылуу гана булгануунун чыныгы себептерин аныктап, натыйжалуу чечимдерди табууга болот. 

Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар Бишкек жана Чүй облусундагы абанын сапатын жакшыртуу боюнча мындан аркы кадамдарды талкуулашты. Жолугушууга Бишкек мэринин орун басары Р.Алиев, ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү, ошондой эле борбор калаадагы түтүн маселеси боюнча изилдөөлөргө активдүү катышкан жана КМТУнун алдындагы ар кандай илимий институттардын жетекчилери катышты. 

Жолугушуунун жыйынтыгында атмосфералык абанын булганышы менен күрөшүүдө сезилерлик натыйжаларга жетишүү үчүн илимий коомчулуктун сунуштарын ишке ашыруу жана өз ара аракеттенүүнү бекемдөөгө бардык тараптардын макулдугу болду.