КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри М.Тургунбаев Жаратылыш ресурстар министрлигинин Айлана-чөйрөгө мониторинг департаментине жана Ош облустук башкармалыгына климатка туруктуу кызматтарды көрсөтүү, суу ресурстарын башкаруу жана дамбаны куруу жаатында «Институционалдык өнүктүрүү» долбоорунун алкагында сатылып алынган эки автоунаанын ачкычын тапшырды.

Чүй өрөөнү

Ачкычтарды тапшырып жатып, министр  унааларды өз максатына ылайык колдонуунун маанилүүлүгүн белгилеп, ошондой эле унаа Жалал-Абад жана Баткен облустарын тейлеши керектигин кошумчалады. Мен өнөктөштөргө  ыраазычылык билдирип, көрсөтүлгөн жардам мындай долбоорлорду илгерилетүүгө чоң маани бериле тургандыгын белгилеп, бул багыттагы баардык аракеттерди колдоп жана кѳмѳк кѳрсѳтүүгѳ даярмын деп жыйынтыктады министр.

Бул долбоор климаттын туруктуулугуна жана аз көмүртектүү мамилеге негизделген сууну башкаруудагы инновацияларды жана мыкты тажрыйбаларды жайылткан жабдууларды жана кызматтарды сатып алууну, орнотууну каржылайт.

Сатып алынган атайын унаалар суунун жана кыртыштын үлгүлөрүн алуу үчүн колдонулат жана өлкө боюнча кыртыштын жана жер үстүндөгү суулардын сапатын аныктоо боюнча мониторинг системасын күчөтүүгө кызмат кылат.

Бишкек жана Ош облустарында борбордук деңгээлдеги биохимиялык лабораториялар үчүн жагымдуу шарттар түзүлөт. Сууну ыкчам жана сапаттуу чогултуу жана анализдөө үчүн кызмат кылат. TOYOTA HILUX PICKUP унаалары бардык талаптарга жооп берет, камсыздандыруу жана кышкы дөңгөлөктөрү бар.