Жаратылыш министрлиги жана Билим берүү министрлиги климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттери менен күрөшүү үчүн күчтөрдү бириктиришет

Чүй өрөөнү
Жаратылыш министрлиги жана Билим берүү министрлиги климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттери менен күрөшүү үчүн күчтөрдү бириктиришет

Бишкекте мамлекеттик кызматкерлердин, билим берүүнүн бардык деңгээлдериндеги окуучулардын жана кеңири коомчулуктун климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттери тууралуу маалымдуулугун жогорулатуу максатын көздөгөн окутуу программасын , иштеп чыгууга арналган консультативдик жолугушуу болуп өттү. 


Жолугушууга жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Асель Раимкулова, өнөктөш өлкөлөр менен өз ара аракеттенүү боюнча адис А.Трифонов, ошондой эле министрликтердин, ведомстволордун жана башка уюмдардын өкүлдөрү катышты. 


Программанын негизги милдети-окутууга системалуу мамилени түзүү, климаттын өзгөрүү маселелерин билим берүү программаларына, стратегиялык пландарга жана маалыматтык-коммуникациялык материалдарга интеграциялоо. Бул коом климаттык чакырыктарды чечүүгө даяр болушу жана калктын негизги катмарлары аларды жеңүү үчүн керектүү билимге жана көндүмгө ээ болушу үчүн зарыл.


Жолугушууда катышуучулар жаңыланган окутуу программасынын жана климаттын өзгөрүүсү боюнча улуттук жана эл аралык стратегияларга негизделген чаралардын комплекстүү планынын негизги багыттарын талкуулашты. 


Мамлекеттик органдардын, билим берүү мекемелеринин, эл аралык уюмдардын, жарандык коомдун жана жеке сектордун өкүлдөрү өздөрүнүн сунуштарын киргизишти, алар документтерди жеткире иштеп чыгууда эске алынат. 

Программа боюнча иш "Климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү боюнча чараларды күчөтүү: аз көмүртектүү жана климаттык туруктуу өнүктүрүү үчүн потенциалды өстүрүүгө жана коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатууга комплекстүү мамиле"долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасынын Жаратылыш министрлиги менен Билим берүү министрлигинин ортосунда тыгыз кызматташтыкта жүргүзүлүүдө. 


Долбоорду ишке ашыруу БУУнун окуу жана илимий-изилдөө институтунун (ЮНИТАР/ЕКПА), КББТ жана БУУӨП өнөктөштүгүнүн колдоосу менен ишке ашырылууда. 

Билим берүү жана маалыматтык кампаниялар аркылуу маалымдуулукту жогорулатуу туруктуу өнүгүүгө жана климаттык чакырыктарга натыйжалуу жооп кайтарууга карай негизги кадам болуп саналат деп ишенишет Жаратылыш министрлиги жана Билим берүү министрлиги.