Жаратылыш министрлиги автопаркты жана экологиялык көзөмөл үчүн заманбап технологияларды жаңылоону пландаштырууда
13-февраль 2025, 09:36

КР жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги экологиялык абалды жакшыртуу жана абанын булганышын азайтуу боюнча чараларды ишке ашырууда. "Кыргыз Республикасында абанын сапатын жакшыртуу" долбоорунун алкагында (AQIP) экологиялык көзөмөлдү күчөтүү үчүн жабдууларды жана транспортту сатып алуу пландаштырылган.
Сатылып алынат:
🔹 Түтүн өлчөгүчтөр – пайдаланылган газдардын булгануу деңгээлине талдоо жүргүзүү үчүн;
🔹 Газ анализаторлор - зыяндуу заттардын курамын көзөмөлдөө үчүн;
🔹 Квадрокоптер - эмиссия булактарын ыкчам аныктоо үчүн;
🔹 GPS навигаторлору - алыскы аймактарда так мониторинг жүргүзүү үчүн;
🔹 Экологиялык таза транспорт (электр унаалар жана гибриддик унаалар) - текшерүү рейддери жана экологиялык мониторинг үчүн.
Заманбап технологияларды колдонуу экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга, өнөр жай ишканаларынын жана автотранспорттун эмиссиясына контролду күчөтүүгө, ошондой эле транспорттун экологиялык таза түрлөрүнө өтүүнү тездетүүгө мүмкүндүк берет.