Жаратылыш ресурстар министрлиги Токтогул суу сактагычындагы браконьерлерге каршы күрөштү улантууда
05-февраль 2025, 14:00

Жаратылыш ресурстар министрлигинин биоресурстар башкармалыгынын кызматкерлери Жалал-Абад регионалдык башкармалыгынын, экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын жана "Fauna&Flora International" бейөкмөт уюмунун кызматкерлери менен биргеликте Токтогул суу сактагычында рейддик иш-чараларды өткөрүштү.
Рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө:
1. Адамдардын ден соолугуна жана өмүрүнө коркунуч туудурган жана балык уулоодо синтетикалык торлорду колдонуу менен пайдаланылып жаткан 12 ээсиз сүзүүчү каражаттар (казанкалар) алынды.
2. Браконьерликтин 1 фактысы аныкталып, балык уулоо куралдарын (синтетикалык торлор, сүзүүчү каражаттар) конфискациялоо менен 5500 сомдук протокол түзүлдү.
3. 3000 метрге жакын синтетикалык торлор чогултулган.
Жүргүзүлгөн рейддик иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча алынган сүзүүчү каражаттар материалдар сот органдарына берилгенге чейин Токтогул райондук мамлекеттик администрациясына сактоого өткөрүлүп берилди. Чогулган синтетикалык торлор Министрлер Кабинетинин 12.07.2024-жылдын 378-токтому менен бекитилген синтетикалык балык уулоочу торлорду жана Электролиттик системаларды жок кылуу тартибине ылайык жок кылынды.
Жаратылыш министрлиги өлкөнүн жаратылышын жана балык запастарын коргоону улантат. Мындай рейддер үзгүлтүксүз өткөрүлүп турат!