Жаратылыш ресурстар министрлиги күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча рейд өткөрдү
01-октябрь 2024, 15:04

Бишкек шаарында Күз-кыш мезгилине (ККМ) даярдык көрүү максатында Жаратылыш ресурстар министрлигинин Бишкек-Аламүдүн регионалдык башкармалыгынын Экологиялык техникалык көзөмөл кызматынын кызматкерлери тарабынан айрым объектилердин ККМине даярдыгын текшерүү боюнча масштабдуу рейд жүргүзүлдү.
Алсак, башкармалыктын адистери жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен биргеликте Лев Толстой көчөсүндө жайгашкан көмүр кампасында радиация, ал эми Көк-Жар жаңы имаратында жайгашкан «Датка» мончо комплексинде тыюу салынган буюмдардын күйүп жаткандыгы текшерилди.
Рейд Экологиялык мониторинг департаментине баруу менен аяктады. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө көмүрдү кантип текшерип жатканын көрсөтүп беришти.