Жаратылыш ресурстар министрлиги: Таштандыларды рекультивациялоо борбордогу түтүндүн деңгээлин 10-15% азайтты
09-октябрь 2024, 16:05

2024-жылдын 7-октябрында башталган “Климат жумалыгынын” алкагында Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Асель Райымкулова (Жаратылыш ресурстар министрлиги) борбор калаанын кээ бир объектилерин кыдырды.
Көчмө экскурсиянын жүрүшүндө министрдин орун басары таштанды таштоочу жайды рекультивациялоо маселелерине өзгөчө көңүл буруп, борбор калаадагы түтүндүн деңгээлин 10-15% төмөндөтүүгө мүмкүндүк бергенин айтты. Асель Райымкулова белгилегендей, 5 гектардан ашык аянтты ээлеген таштанды таштоочу жайга 3 миңге жакын көчөт отургузулган. «Таштандыруучу жайды жашылдандыруу борбордогу экологиялык абалды жакшыртууга чоң салым кошууда», -деди А.Раимкулова.
Атмосферадагы майда бөлүкчөлөрдүн концентрациясын азайтуу үчүн жыл сайын 10 миңден ашык ийне жалбырактуу жана жазы жалбырактуу дарактар отургузулат. Учурда борбордо 13 миңге жакын ар кандай түрдөгү көчөттөр отургузулду.
Турак жайларды жана мекемелерди жылытуунун альтернативдүү ыкмаларына өзгөчө көңүл бурулууда. Анын ичинде Бишкек шаарында жана Чүй облусунда 52 жаңы имарат газдаштырылды. Борбор калаадагы 27 миң 683 абоненттин ичинен 21 миңден ашык турак-жай кошулганын айта кетти А.Раимкулова көчмө жыйындын катышуучуларына.
Эскерте кетсек, “Климат жумалыгы” Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциянын Тараптарынын 29-конференциясынын алкагында өтүп жатат.