Жаратылыш министрлиги: 2025-жылдын 1-мартынан тартып Ысык-Көлдө пластик баштыктарды жана буюмдарды колдонууга жана сатууга тыюу салынды

Чүй өрөөнү

2025-жылдын 1-мартынан тартып Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө Кодексине өзгөртүүлөр күчүнө кирди. Алар Ысык-Көлдүн уникалдуу табиятын коргоо, экологияны сактоо жана курорттук-рекреациялык аймактардын тазалыгын камсыз кылуу максатында киргизилген.

*Кодекстеги негизги өзгөртүүлөр кандай?

Ысык-Көл облусунун курорттук-рекреациялык аймактарында, парктык зоналарында жана Ысык-Көлдүн жээгинде полимер пленкасынан жасалган баштыктарды жана бардык пластик буюмдарды колдонууга жана сатууга тыюу салынды.

*Бул жарандар үчүн эмнени билдирет?

    •    Пластик баштыктарды жана буюмдарды колдонуу жана сатуу боюнча тыюуну бузган жеке жана юридикалык жактарга эскертүү берилет.

    •    Эгерде бир жыл ичинде бул эреже кайрадан бузулса, төмөнкүдөй айып салынышы мүмкүн:

    •    Жеке жактар үчүн — 3 000 сом (30 эсептик көрсөткүч).

    •    Юридикалык жактар үчүн — 10 000 сом (100 эсептик көрсөткүч).

Бул чаралар Ысык-Көлдүн экосистемасын коргоо жана аймактын туруктуу өнүгүшүнө көмөктөшүү максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 6-июнундагы Жарлыгына ылайык киргизилген.