Жаратылыш ресурстары министрлиги: Таштанды жайларын иретөө боюнча иштер күчөтүлүүдө

Чүй өрөөнү
Жаратылыш ресурстары министрлиги: Таштанды жайларын иретөө боюнча иштер күчөтүлүүдө

Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Нурмабетовский айыл өкмөтүнө 13 миң сом айып салынды.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Жаратылыш ресурстар министрлигинин Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй облустук башкармалыгынын инспекторлору тарабынан айыл аймактын аймагында уруксат берилген таштанды таштоочу жай жок экени аныкталган.

Баардык катуу тиричилик таштандылары жана курулуш таштандылары айыл аймагынын аймагына уруксатсыз ташылып жаткандыгы аныкталды.

 Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинин N239-беренесине ылайык протокол түзүлүп, мыйзам бузуу фактылары боюнча айып пул салуу жөнүндө токтом кабыл алынган жана аныкталган мыйзам бузууларды четтетүү боюнча тапшырмалар берилди.