Жаратылыш ресурстары министрлиги: Бишкекте унаалардын экологиялык нормаларга жооп бербегени үчүн айдоочуларга айып пул салынууда

Чүй өрөөнү
Жаратылыш ресурстары  министрлиги: Бишкекте унаалардын экологиялык нормаларга жооп бербегени үчүн айдоочуларга айып пул салынууда

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча аймактык башкармалыгы Бишкек шаарынын патрулдук-күзөт кызматы жана Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясы менен биргеликте текшерүү  рейд өткөрдү. 

Рейддин жүрүшүндө экологиялык нормаларга туура келбеген 23 унаа текшерилип, анын ичинен 4 унаага 44 миң сомдон ашык айып салынды. 

Бул иш-чаралар абанын булганышын алдын алууга жана жарандардын ден соолугуна тийгизген зыяндуу таасирин азайтууга багытталган. 

Эскерте кетсек, “Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө” мыйзамга ылайык, автотранспорт каражаттарынын ээлери өздөрүнүн транспорт каражаттарынын мыйзамда белгиленген экологиялык нормаларга жана стандарттарга шайкеш келишин камсыздоого милдеттүү. 

Маалымат үчүн: 

Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 234-беренесине ылайык. «Автотранспорт каражаттарын жана башка кыймылдуу транспорт каражаттарын булгоочу заттардын курамы боюнча ченемдерден ашкан пайдалануу» төмөнкүдөй айып салууга алып келет:  

- жеке жактар үчүн - 75 эсептелген көрсөткүч.  

- юридикалык жактар үчүн - 230 эсептик көрсөткүч