Ош регионалдык башкармалыгы экологияылк агартуу жана абанын сапатын жакшыртуу боюнча иш-чараларды өткөрдү
11-октябрь 2024, 13:14

Жаратылыш ресурстары министрлигинин Ош регионалдык башкармалыгы жана Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ош регионалдык башкармалыгы "Климат жумалыгын" акциясын ишке ашыруунун алкагында Ош Технологиялык Университетинде коомдук эколог адистер, мугалимдер, студенттер арасында экологиялык актуалдуу маселелер боюнча лекцияларды окуп, окуучу жана студенттерди кызыктырган суроолоруна жооп беришти.
Айлана чөйрөнү коргоо, ташатандыны таштабоо, абанын булганышы, климаттын өзгөрүшү жана экологиялык укук бузуулар кандай көзөмөлдөнөөрү тууралуу маалымат берилди.
Ошондой эле, Ош шаарынын абанын сапатын жакшыртуу боюнча чараларды күчөтүүнүн максатында, Ош регионалдык башкармалыгыны Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы Ош шаардык муниципалдык жылуулук камсыздоо ишканасына караштуу автоунааларга МЕТА-01МП аппараты менен инструменталдык текшерүү жүргүзүлдү.
Текшерүүнүн жүрүшүндө жүк ташуучу автоунаада чыгарылган булгоочу заттардын саны белгиленген ченемден (40%) ашып кеткендигине байланыштуу, Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндөгү” кодексинин 434-беренесине ылайык 1 протокол түзүлүп, 23 000 мин сом айып салынды.