Жаратылыш министрлиги: Мыйзамсыз кѳмүр кенин казып жаткан үч учур аныкталды
26-сентябрь 2024, 14:32
Жалал-Абад өрөөнү

Жаратылыш ресурстары минисрлигине караштуу Экология жана техникалык кѳзѳмѳл кызматынын Жалал-Абад регионалдык башкармалыгы тарабынан, мыйзамсыз кеӊ байлыктарды казуу иштеринин алдын алуу жана бѳгѳт кою, кѳзѳмѳлдү күчөтүү максатында, 2024-жылдын 24-сентябрь күнү Аксы районуна караштуу Ак-Моло участкасына ыкчам иш-чара жүргүзүлүп, жыйынтыгында эч кандай уруксат берүүчү документи жок кѳмүр кенин казып жаткан үч учур аныкталган.
Инспекторлор тарабынан КРнын Укук бузуу жөнүндөгү кодексинин 243-4 беренесинин негизинде укук бузуу протоколу түзүлүп, Токтом жазылып 22 500 сом айып салынып, кеӊ казуу иштери токтолду.