Бишкек шаарынын санитардык түйүндөрүндө абанын сапаты боюнча үлгүлөр алынды
15-январь 2024, 17:25

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлиги, жалпыга маалымдоо каражаттары жана Айлана-чөйрөгө мониторинг департаментинин кызматкерлери менен биргеликте Бишкек шаарынын санитардык түйүндөрүндө абанын сапаты боюнча үлгүлөрдү алышты. Иш-чаранын негизги максаты - абанын сапатын былтыркы жыл менен салыштыруу.
2023-жылы Бишкектин бардык аймагында сапатсыз абанын пайда болушуна чоң салым кошкон түтүн толугу менен өчүрүлгөн. Түтүнгө каршы күрөшүүнүн алкагында текстилдик таштандыларды күйгүзүүчү мештер сатылып алынып, Бишкек шаарынын жагымдуу атмосферасын түзүү жана түтүнгө каршы күрөшүү үчүн санитардык полигондун аймагына 850 түп бак-дарак отургузулду. Эске сала кетсек, санитардык түйүндөрдөгү түтүндү өчүрүүгө чейин зыяндуу заттардын көлөмү 9 эсе жогору болгон. Бул иш улантылат