Ысык-Көлдө тоо кийиктеринин эти кармалды

Ысык-Көл өрөөнү
Ысык-Көлдө тоо кийиктеринин эти кармалды

2024-жылдын 30-октябрында Жаратылыш ресурстар министрлигинин Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Биоресурстарды контролдоо бөлүмүнүн инпекторлору тарабынан Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу, районунун Сырт өрөөнүнүн Эңилчек,Ак-Суу автожолундагы Оттук участкасында рейдтик иш-чаралардын учурунда ГАЗ-66 233 АС маркасындагы авто унаадан 12-калибрдеги сайсыз тийиштуу уруксат кагаздары жок ок атуучу курал, ошол эле куралдын 11даана октору жана 7 62 39-калибриндеги 11 даана ок табылып, аңчылык эрежелери сакталбагандыктан укук бузуулар жөнүндө кодексинин 263- беренесине  ылайык И.У. аттуу жаранга 12500 сом айып салынды.

Мындан тышкары ак түстөгү Тайота Сюрф автоунаасы токтотулуп кароо учурунда бөлүктөргө болүнүп салынган болжол менен 25-30 кг тоо кийиктеринин эттерин мыйзамсыз алып келе жаткан М.Р. атуу жаран кармалды.

Жогорудагы мыйзам бузуулар боюнча тийиштүү документтер жеринде толтурулуп, материалдар Ысык-Көл облусунун Ак-Суу РИИБне өткөрүлүп берилди. 

Эскерте кетсек КРнын өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы 224-токтому менен бекитилген таксада тоо текени мыйзамсыз атса  300 000 сом доо койулат.