Ала-Арча суу сактагычынын жээгиндеги мыйзамсыз таштанды тууралуу ыкчам чаралар көрүлдү
11-март 2025, 16:28

Ала-Арча суу сактагычынын жээгиндеги мыйзамсыз таштанды тууралуу ыкчам чаралар көрүлдү
Социалдык баракчанын колдонуучусу Айсалкын Джумаеванын активдүү жарандык позициясынын негизинде, аталган суу сактагычта мыйзамсыз таштанды жайы бар экенин маалымдалган. Жарытылыш ресурстары министрлигине караштуу Экологиялык техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек-Аламүдүн башкармалыгы тарабынан ведомстволор аралык комиссия түзүлүп жеринде иш алынып барылды.
Комиссиянын иши жүрүшүндө Хово үлгүсүндөгү автоунаа таштанды төгүп жаткандыгы дрондук көзөмөл аркылуу аныкталып, 5500 сом айып пул салышты.
Ошондой эле, Свердлов райондук администрациясына жана төмөнкү Ала-Арча муниципалдык аймактык башкармалыгына Чүй облустук суу чарба башкармалыгына тазалоо иштерин тез арада жүргүзүп, мындан ары мындай фактыларды болтурбоо боюнча эскертүү берилди.
Мыйзамсыз таштандыны тазалоо иштери башталды жан мындан ары тыкыр көзөмөлдө болмокчу.
Биз экосистеманы жакшыртуу жана аймакта тазалыкты сактоо боюнча иш алып бара берүүдөбүз. Бул маселе боюнча сиздин активдүүлүгүңүзгө жана көңүл бургаңызга рахмат! Биздин биргеликте жүргүзгөн аракеттерибиз экосистеманы сактап калууга жана келечек муундарга таза жана коопсуз аймак калтырууга көмөктөшөт.
Бардык экологиялык мыйзам бузуулар жөнүндө 108 номерине кайрылып, ыңгайлуу шартта маалымат бере аласыз.