"Дордой" базарында тыюу салынган синтетикалык торлордун сатылышына жана колдонулушуна жол бербөө боюнча рейд өткөрүлдү

Чүй өрөөнү
"Дордой" базарында тыюу салынган синтетикалык торлордун сатылышына жана колдонулушуна жол бербөө боюнча рейд өткөрүлдү

"Дордой" базарында, ошондой эле борбордун башка соода түйүндөрүндө Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын кызматкерлери, жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык кызматтын инспекторлору, ошондой эле Бишкек жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалыктын кызматкерлери Кыргызстандын экологиялык балансын сактоо жана суу ресурстарын коргоо максатында синтетикалык балык уулоочу торлорду мыйзамсыз сатууга жол бербөө боюнча рейддерди өткөрүштү. 

Иш-чаранын жүрүшүндө балык уулоочу шаймандарды саткан контейнерлер, дүкөндөр текшерилди. Синтетикалык торлор табылган жок. Сатуучулар менен мындай товарларды сатууга тыюу салуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. 

Экологдор Кыргызстанда синтетикалык торлорду, ошондой эле балык кармоо үчүн электр шаймандарын алып кирүүгө, өндүрүүгө, сатууга жана пайдаланууга тыюу салган мыйзамдар бар экенин эске салып. Мыйзамды бузгандыгы үчүн айып: жеке жактар үчүн 100 эсептик көрсөткүч жана юридикалык жактар үчүн 280 эсептик көрсөткүч (укук бузуулар жөнүндө Кодекс, 268-берене). 

2024-жылы инспектор-экологдор браконьерлерден республиканын көлдөрүнөн 33 миң метрден ашык синтетикалык торлорду тартып алышканын өзгөчө белгилей кетүү маанилүү. Салынган айыптардын жалпы суммасы 2 миллион сомго жакынды түздү. 

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги мыйзамдардын сакталышына көзөмөлдү күчөтүүнү улантат жана экологияны коргоо жана суу ресурстарына зыян келтирүүнүн алдын алуу үчүн балык уулоочу шаймандарды саткан соода түйүндөрүндө рейддерди үзгүлтүксүз өткөрүп турат. Эгерде сиз синтетикалык балык уулоочу торлордун сатылганын байкасаңыз, жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин 108 ишеним телефонуна кабарлаңыз.