Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык кɵзɵмɵл министрлигине экинчи Элдик Курултайда 40 суроо берилип 10 маселе жеринде чечилди

Чүй өрөөнү
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык кɵзɵмɵл министрлигине экинчи  Элдик Курултайда 40 суроо берилип 10 маселе жеринде чечилди

Министр М. Тургунбаев баштаган министрликтин жетекчилиги жана орун басарлар министрликтин атайын бурчунда жарандардын суроолоруна жооп беришти. 

Президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен уюштурулган Элдик Курултайга аймактардан, этностук өкүлчүлүктөрдөн жана чет өлкөлөрдөгү кыргыз диаспораларынан шайланган 700 делегат чакырылган.

Министрликке тиешелүү, саркынды суулардын системаларын жаныртуу, таза суу маселеси, казылып жаткан кендердин токтотулушу, жайыт аянттарынын деграцияга учурашы, Арстанбап, Сары-Челек жаратылыш коруктарыны экологиялык абалы, таштанды жайларынын ачылышы, Ош шаарын газдаштуруу жана Джунда заводуна тазалоочу фильтрлерди орнотуу маселеси боюнча суролор, кайрулуулар түшүп, министрдин кɵзɵмɵлүндɵ бардык маселелер тез арада каралып жооптор ɵз даректерине жеткирилет.