Бишкекте Улуттук климаттык форум-диалог башталды!

Чүй өрөөнү
Бишкекте Улуттук климаттык форум-диалог башталды!


Бишкекте Улуттук климаттык форум-диалог башталды!



Бүгүн, 10-октябрь 2024-жылы Бишкекте "КС-29га жол: климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу" улуттук климаттык форум-диалогу башталды.

Иш-чарага мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын, жарандык коомдун жана бизнестин өкүлдөрү катышууда.

Форумдун алкагында төмөнкүдөй негизги маселелер талкууланат: 


- Кыргыз Республикасынын климаттын өзгөрүшү жаатындагы саясаты.
- Адаптациялоо чаралары жана жашыл экономиканы өнүктүрүү. 
- Климаттык долбоорлорду эл аралык каржылоого жетүү. 
- Секторлор ортосундагы кызматташтыктын маанилүүлүгү.



Форум Кыргыз Республикасынын Бакуда өтө турган БУУ РКИК (КС-29) тараптарынын конференциясына катышуусу үчүн сунуштамаларды иштеп чыгууга мүмкүндүк берет.



# Климатикалыкфорум #Жумалыкклимата #КС29 # Кыргызстан #Адаптация # Жашылдарэкономика